Mekenim    11:21, 04 мая 2012
Младших дочерей подрастает много, и не у всех такая судьба.

Аңгыча арт жагынан созултуп улуган, үргөн үн жакындай баштады. Ажардын жүрөгү опкоолжуп, дүпүлдөп алып учуп, оюна ар түрдүү коркуу сезимдер келди.
Бир мезгилде Ажардын айланасына карышкырлар толуп кетти. Баары ач, кабыргалары саналып, кынжыйып эң эле арык, тилдерин салаңдатышып, кыңшылашып Ажарды камап алышты. Ал коркту. Ыйлап жиберди… Жан деген кыйын го, жанын корголоп жерден тырмалап таш алып, туш-тушка ыргытты. Качты. Жүгүрдү… Колу-буту ташка тийди. Айрылды. Кызыл ала болду. Шордуу ага карабай жаш денесин алып учкан кызуулугуна берилип, жүгүрүп отурду. Бирок илешкен жоо калчубу? Ажарды бура бастырбады, кутказбады. Тийип-качып, алды-артын тороп, бир алтыганага камады. Ажар жан талашып, жанын сыйпалап, жарты боо ширеңке тапты. Оттон карышкыр качат деген бала кезиндеги энесинен уккан сөзү оюна түштү. Ширеңкенин бирөөнү тартып жиберди. Карышкырлар отту көрүп, азыраак алыстады… Айтор, эстен танган Ажар карышкырлар жакындап кирип келген сайын ширеңке тартып жатып, көбүн жерге чачып, ширеңкенин да аягына чыгып, бир гана тал ширеңкеси калды.
- Шамдай жанган жаш жаным, ушул ширеңке өчкөндө, сен да кошо өчөт экенсиң, мына эми мен өчөм, карышкырга жем болом… - деди Ажар. Ал бирөө айткандай, жанындагы алтыганага өрт койду. Алты ай жазы менен жаан көрбөй, күнгө куурап, араң турган алтыгана ширеңке жандырганда эле дүркүрөп асманга чыкты. Оттун жалындуу кызгылт шооласы учуп ыраак кетти. Айланасындагы нерселерди апакай кылып, бадырайтып Ажарга көрсөттү. Карышкырлар жоголуп калышты, кеткендей болушту. Ажардын биртке акыл-эси кирейин деди. Анын медери, жөлөгү жалгыз ошол от. Андан ажырагысы келбейт. Бардык үмүтү, тилеги күн көрүү, өмүр сүрүүсү - ошол отто. Ошого байланышкан. От өчсө, от менен бирге Ажар да өчмөк. Аңгыча от басылды. Кайтып карышкырлар улушту, жакындашты. Ажардын алды-артын тороп, айлантып курчап алышты.
Ажар эми чындап жанынан үмүт үздү. Таянган жалгыз отунан ажырарын, жоосунун колуна түшөрүн, ырайымсыз жырткычтарга жем болорун билди, көңүлү караңгылады. Акылы, алы кетти. Эси ооду. Көзүнө жер, чөптөр, тоо-таш - баары жоо болуп көрүндү. Арбайып-тарбайып, оозун ачып, жакындап келе жаткан сыяктанат. Ага айла кылмакчы, каршы турмакчы болду. Колу менен чоктуу күлдү шилеп, жан жагына ыргытты, чачты. Карышкырлар болбоду, күчүнө алды, кыңшылашып туш-тушунан качырышты.
- Мына эми, мен силердики, алгыла! - деди Ажар. Башка сөз айтууга кубаты келбеди. Жыгылып кетти… Үстүнө карышкырлар үймөлөктөшүп калды. Жемди талашты, ырылдашты, ары-бери сүйрөштү. Чырылдаган Ажардын аянычтуу үнү гана угулду…
X